Таиланд менен Камбоджа ок атышууну токтотууга макулдашты
Таиланд менен Камбоджа ортосунда 28-майда курчуп кеткен чек ара чырына байланыштуу тараптар ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим билдиргендей, макулдашуу бүгүн, 28-июлда жергиликтүү убакыт боюнча түн жарымда күчүнө кирет.
"Камбоджа менен Таиланд төмөнкүдөй маселелер боюнча жалпы түшүнүшүүгө келишти: биринчиси — бүгүн саат 24:00дө ок атышууну токтотуу. Бул тынчтыкты жана коопсуздукту калыбына келтирүүгө жасалган маанилүү кадам", — деди Ибрагим.
Бүгүн Малайзияда Таиланд жана Камбоджанын жогорку даражалуу өкүлдөрү жолугушуп, 24-июлда эки өлкөнүн чек арасында орун алган аскердик кагылышуудан кийинки кырдаалды талкуулашты.
Тараптар кырдаалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга ниетин билдирип, тынчтыкты сактоо максатында коопсуздук кызматтарынын ортосундагы кызматташууну улантууга макул болушту.
