MBANK эми жаңыча ачылат: Колдонмого авторизациясыз ылдам кирүү!
MBANK жөнөкөй онлайн-банкингден пайдалуу кызматтарга бай толук кандуу санариптик платформага айланып, тынымсыз өнүгүүсүн улантууда. Акыркы жаңылануулардын бири — колдонмого ыңгайлуу кирүү мүмкүнчүлүгү.
Эми MBANK колдонмосу авторизациясыз ачылат.
Авторизациясыз кирүү — мурункуга караганда ылдамыраак. Колдонмо ачылганда колдонуучу дароо башкы бетке өтөт, ал жерде системага кирбестен жеткиликтүү болгон бөлүмдөр көрсөтүлөт.
Маанилүү: Банктык маалыматтар — мисалы, баланс, чыгымдар, бонус упайлар жана каржылык анализ — авторизация болмоюнча башкы бетте көрсөтүлбөйт. Бул жеке маалыматтардын коопсуздугун жогорку деңгээлде сактоого мүмкүнчүлүк берет.
Бул режимде жеткиликтүү болгон маалыматтар:
– MBANK өнүмдөрү жана кызматтары тууралуу маалымат
– Учурдагы акциялар жана сунуштар
– Жеке маалыматтарга байланыштуу болбогон айрым функциялар
Качан авторизация талап кылынат?
Эгер сиз балансыңызды көргүңүз келсе, акча которууну кааласаңыз же QR аркылуу төлөм жүргүзүү ниетиңиз болсо —
MBANK сизден авторизациядан өтүүнү сурайт (бир жолу кирсеңиз, бардык функциялар жеткиликтүү болот).
Ыңгайлуу жана коопсуз
Бул жаңылануу колдонмонун иштөөсүн тез, ыңгайлуу жана ийкемдүү кылат. Эми акциялар же банк сунуштарын көрүү үчүн ПИН-код же биометрия киргизүүнүн кажети жок. Ошол эле учурда, жеке маалыматтарыңыз коопсуздугу толук камсыздалат.
MBANK колдонмосундагы дагы кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр бар?
Сизге тоскоол болуп жаткан автоунаанын ээси менен бат байланышууга жардам бере турган жаңы функцияны сунуштайбыз. Эми жол же өтмөктү тоскон унаанын ээси менен оңой байланышса болот!
Кантип иштейт?
MBANK колдонмосунда жаңы «Унааны жылдыр» кызматын колдонсоңуз болот. Эгер кимдир бирөөнүн унаасы сизге жолтоо болуп жатса, унаанын номурун тиешелүү бөлүмгө киргизиңиз. Бул үчүн «Кызматтар» бөлүмүнө тандаңыз → «Менин унаам» → «Унааны жылдыр» → мамлекеттик номурду киргизиңиз → билдирүү жөнөтүңүз.
Унаанын ээси дароо эле автоунаасын жылдырышы керектиги тууралуу эскертүү алат. Бул көйгөйдү тез жана ыңгайлуу чечүүгө жардам берет.
Жаңыланган санарип экосистемага кош келиңиз!
MBANK — биринчи санарип!
КРУБ №014

