super.kg logo

Израилдин кадамын укук коргоо уюмдары палестиналыктарга каршы геноцид деп айыптоодо

 

Израилдин "Бецелем" жана "Адам укуктары үчүн дарыгерлер" аттуу укук коргоо уюмдары өлкө бийлигинин кадамын палестиналыктарга каршы геноцид деп айыптап, өзүнчө билдирүүлөрдү таратышты.

"Израилдин Газа тилкесиндеги саясатын жана алардын үрөй учурган кесепеттерин талдоо, ошондой эле жогорку даражалуу саясатчылардын, аскер командирлеринин чабуулдун максаттары жөнүндө билдирүүлөрү, өлкөнүн Газа тилкесиндеги палестиналык коомду жок кылуу үчүн координацияланган, атайылап иш-аракеттерди жасап жатат деген айкын корутундуга алып келет",- деп белгиленген уюмдун маалыматында.

"Бецелем" уюмунун өкүлдөрү мындай аракет Газадан тышкаркы аймактарга да колдонулушу мүмкүн деп тынсыздануусун билдирди.

"Адам укуктары үчүн дарыгерлер" өз кезегинде Израил бийлиги ооруканаларды, медициналык жабдууларды жок кылуу, дары-дармектердин жетишсиздигин жана массалык ачарчылык үчүн шарттарды түзүү аракетин көрүп жаткандыгын белгилеп, муну геноцид деп эсептесе боло тургандыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: