Нью-Йоркто белгисиз адам ок чыгарып, 4 адам каза тапты
Нью-Йорк шаарынын полициясы Манхэттендеги көп кабаттуу имаратта болгон атышууда төрт адам каза болгонун, алардын арасында бир полиция кызматкери бар экенин тастыктады. Дагы бир адам оор жаракат алган.
Ок аткан адам өзүнө кол салып каза болгон. Анын эмнеге мындай кадамга барганы белгисиз. Бийлик органдарынын маалыматына ылайык, ал психикалык жактан жабыркаган.
Нью-Йорк полициясынын комиссары Жессика Тиш билдиргендей, ок чыгарган адам Лас-Вегастан келген 27 жаштагы Шейн Тамура аттуу жаран. Ал имаратка кирип келген бойдон ок чыгарып баштаган. Тамура полиция кызматкерин жана дагы эки жаранды ошол жерде атып өлтүргөн. Андан соң Ruden Building Management компаниясынын кеңсесине кирип, ал жерде дагы ок чыгарган. Кийин ал жерден бир аялдын жансыз денеси табылган. Көп өтпөй Тамура өзүн атып салган.
Комиссар Тиштин айтымында, Тамура үч күндүн ичинде АКШны баштан аяк басып өтүп, Нью-Йоркко келген. Ошол эле күнү ок чыгарган.
