Трамп Иранды кайрадан өзөктүк объекттерин жок кылуу менен коркутту
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран өзүнүн өзөктүк программасын кайра жандандырганга аракет кылса, Вашингтон анын ядролук объекттерин дароо жок кыларын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 28-июлда Шотландияда Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен жолугушуу учурунда билдирди.
"Биз алардын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн жок кылдык. Алар аны кайра башташат деп ойлойм. Эгер башташса, аларды көз ирмемде талкалайбыз",- деди Трамп.
Мунун алдында, 21-июлда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Fox News телеканалына курган маегинде Тегеран уран байытуу иштеринен баш тартпай турганын билдирген.
"Учурда ал ишмердүүлүк токтоду, анткени зыян өтө олуттуу жана оор болду. Бирок биз буга карабай уран байытуу ишин токтото албайбыз, бул - биздин окумуштуулардын жетишкендиги, бул - улуттук сыймык маселеси",- деген Аракчи.
Ал ошондой эле келечектеги ар кандай өзөктүк келишим Иранга уран байытуу укугун мыйзамдуу түрдө камсыздашы керек экенин белгилеген.
"Эгер кайра кол салуу болсо, биз күмөнсүз жана чечкиндүү жооп кайтарабыз, аны жашыруу мүмкүн эмес",- деп жазды Аракчи "Х" социалдык тармагындагы баракчасына.
Эске салсак, 22-июнга караган түнү АКШ аскерлери Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу үч жайга - Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы объекттерге абадан сокку урган. Трамп өз кайрылуусунда ирандык өзөктүк объекттер "жок кылынды" деп билдирген.
Иран тарап чабуул болгонун ырастап, бирок "олуттуу зыян келтирилген жок" деген.
БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) Иранда уран байытуу боюнча өндүрүш жана технологиялык мүмкүнчүлүктөр сакталып калганын жана аларды бир нече айдын ичинде кайра жандандыруу мүмкүн экенин билдирген.
