super.kg logo

Дарыгер: "Катуу ызы-чуудан адам угууну заматта жоготушу мүмкүн"

 

Жарылуу же атылган ок сыяктуу катуу үн акустикалык травма алып келип, анын натыйжасында адам угууну заматта жоготуп коюшу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге врач-оториноларинголог, пластикалык хирург Владимир Беликов билдирди.

"Угуу начарлоосунун себептеринин бири ызы-чуунун таасири. Жогорку жыштыктагы үндөр төмөнкү жыштыктагы үнгө караганда угуу үчүн коркунучтуураак. Жогорку жыштыктагы үндөрдүн тынымсыз таасири угуунун начарлоосуна гана алып келбестен, баш ооруну, баш айланууну, чарчоо, катуу уйку сыяктуу көйгөйлөрдү жаратат. Жарылуу же ок атуу - курч акустикалык травма жана угууну заматта жоготууга алып келиши мүмкүн",- деди ал.

Беликов ызы-чуунун узакка созулушу угуу үчүн да кооптуу экенин белгиледи. Мисалы, ызы-чуу жерде же жумушта иштөө, метродо катуу үн менен "наушникте" телевизор көрүү же музыка угуу.

"Бул нерв клеткаларынын бузулушунан улам биротоло угууну жоготууга алып келиши мүмкүн",- деп түшүндүрдү дарыгер.

Ызы-чуунун таасиринен улам угуунун начарлашын консервативдүү же хирургиялык жол менен дарылоо мүмкүн эмес экени баса белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: