super.kg logo

Иордания менен Сауд Арабиясы дүйнөлүк коомчулукту Палестина мамлекетин таанууга чакырды

 

Иорданиянын тышкы иштер министри Айман ас-Сафади жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Бириккен улуттар уюмунда өткөн жогорку деңгээлдеги эл аралык конференцияда сөз сүйлөп, дүйнө өлкөлөрүн Палестина мамлекетин расмий таанууга чакырышты. Бул конференция Палестина маселесин тынчтык жолу менен чечүү жана эки мамлекет жөнүндөгү чечимди ишке ашыруу темасына арналган.

Ас-Сафади аймактагы коопсуздукту камсыздоонун жалгыз жолу адилеттүү тынчтык орнотуу экенин белгилеп, Франциянын Палестина мамлекетин таануу чечимин колдой турганын айтты.

"Тынчтык менен баскынчылык бирге жашай албайт. Эки мамлекет жөнүндөгү чечимди ишке ашыруунун кечигиши Палестина жеринде күн сайын өлүм, кыйроо жана ачарчылык алып келүүдө. Газа мүрзөгө айланды, палестиналыктар дүйнөнүн көзүнчө өлтүрүлүп, ачарчылыкта жашоого аргасыз болушууда",- деди ал.

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан да өз сөзүндө Газа тилкесиндеги карапайым калк ачарчылыкка, абадан сокку урууларга, жер которууга дуушар болуп жатканын жана эл аралык гуманитардык жардамдар системдүү түрдө тоскоолдукка учурап жатканын белгиледи.

"Коопсуздук жана тынчтыкты адамдардын укугун тепселөө менен ишке ашырууга болбойт. Дүйнө өлкөлөрү Палестина мамлекетин таанууга тийиш",- деди ал.

Эки министр тең Палестина элинин укуктарын калыбына келтирүү жана Израил менен Палестина ортосунда туруктуу тынчтык орнотуу үчүн эл аралык коомчулуктун чечкиндүү кадам жасоосун талап кылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: