super.kg logo

Кытайда биринчи жолу желдеткичи бар смартфондор сатыкка чыкты

 

Кытайлык Oppo корпорациясы дүйнөдө биринчи жолу желдеткич (вентилятор) жана сууга туруктуу технологиясы бар смартфондорду сунуштады. Бул тууралуу Android Authority басылмасы кабарлады.

Компания жаңы моделдер - K13 Turbo жана K13 Turbo Pro смартфондорун тааныштырды. Бул түзмөктөрдүн эң башкы өзгөчөлүгү катары корпусунун ичине орнотулган желдеткичтер эсептелет. Алар мүнөтүнө 18 миң айланууга чейин иштей алат жана түзмөктүн жылуулукту бөлүп чыгаруусун 20 пайыз жакшыртат. Ошондой эле смартфондордо атайын желдеткич тешиктери бар.

Мурун да желдеткичи бар смартфондор чыккан, бирок алардын дизайны суу өткөрбөөгө тоскоол болуп келген. Oppo компаниясы бул маселени чечип, K13 сериясында IPX6, IPX8 жана IPX9 сертификаттарына ээ болгон.

Смартфондор азырынча Кытай рыногу үчүн гана чыгарылган. Базалык версиясынын баасы 1799 юань ( 240 доллар) деп белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: