Өлкөдө порнографиялык сайттарга кирүүгө тыюу салынды
Президент Садыр Жапаров “Интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу кечээ, 28-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мыйзам 25-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Билдирүүдө кабыл алынган мыйзамдын максаты коомдун моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарын, ошондой эле инсандык руханий-ахлактык саламаттыгын коргоо экени айтылат.
Бул мыйзам өлкөдө порнографиялык мүнөздөгү материалдарды жайылтууга тыюу салат.
Мыйзамда порно элементтерин камтыган материалдардын жайылыш убактысы – ал материал биринчи жолу интернет мейкиндигинде жеткиликтүү болгон учур же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган материал жөнүндө маалымат алган учур катары аныкталат.
Ошондуктан порно элементтери камтылган материалдардын жайылышы аныкталган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү сайттын же анын айрым барагынын интернет байланышын эки айга чейин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат. Бул чечим интернет-провайдерлер, хостинг-провайдерлер, сайттардын жана барактардын ээлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Ошол себептен өлкөдөгү интернет-провайдерлерге, хостинг-провайдерлерге, сайттардын жана (же) барактардын ээсине порнографиялык элементтерди камтыган материалга жетүү мүмкүнчүлүгүн бөгөттөө милдети жүктөлөт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


