super.kg logo
  Саясат  

Ош. Мэр шайлоодо депутаттар каттоодон өтүүдө

 
Ош шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында шаар мэрин шайлоо процедурасы башталды. Анда Рысбек Нурдинов депутаттарга шайлоонун жүрүшү, добуш берүүнүн эрежелери тууралуу маалымат берди.
Депутаттар талапкерлердин платформаларын угуу боюнча сунушту талкуулап жатышат. «Улуттар биримдиги» фракциясынын депутаттары ар бир талапкердин платформасын угалы деген сунуш киргизишти. 
Бир топ талаш-тартыштан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 23 депутат көпчүлүк коалиция өкүлүнүн сунушун колдоп, жыйынтыгында депутаттар талапкерлердин платформаларын укпай турган чечим кабыл алышты. Учурда добуш берүү үчүн депутаттар каттоодон өтүшүүдө.
Эске салсак, мэрликке мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышууда. Мырзакматовдун талапкерлигин “Улуттар биримдиги” жана Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган.
Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Алардын ичинен 30 депутат катышса, шайлоо өттү деп эсептелет. 23 добуш алган талапкер мэр болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: