super.kg logo
  Саясат  

"Акнет" компаниясы "ЭлКат" ЖЧКсына өткөрүлдү

 

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик компанияларды натыйжалуу башкарууну уюштуруу жана өлкөнүн санариптик жана телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 15-августтан тартып 2026-жылдын 14-августуна чейин өлкө аймагында эл аралык интернет-трафикти жеткирүүгө жана берүүгө убактылуу 100 пайыздык мамлекеттик монополияны орнотуу боюнча апробациялык режим киргизилет.

Анда “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коомуна эл аралык интернет-трафикти жеткирүүгө жана берүүгө эксклюзивдүү укук берилип, аталган компания өлкө аймагында эл аралык интернет-трафикти жеткирүү, берүү жана интернет-трафиктин эл аралык транзитин өткөрүү боюнча жалгыз оператор болуп аныкталат.

Ал эми эл аралык интернет-трафикти жеткирүүнү жана транзитти жүзөгө ашыруучу электр байланыш операторлору жана маалыматтарды берүү операторлору эки айлык мөөнөттө “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коомуна кызматташуу шарттарын түзүү үчүн эл аралык интернет-трафикти сатып алууга бардык колдонуудагы контракттарды өткөрүп беришет.

Ошондой эле “Акнет” жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100 пайыздык катышуу үлүшү “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коомуна өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: