Индия космоско адам сымал робот жөнөтүүнү пландап жатат
Индия декабрь айында космоско гуманоид роботун жиберүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Космос изилдөө уюмунун (ISRO) башчысынын билдирүүсүнө таянып чет элдик басылмалар жазышты.
Учуу 2027-жылдын мартына пландаштырылган "Гаганьян" учуучу миссиясына даярдыктын алкагында ишке ашат. Тагыраагы, адам сымал айым робот космосто кеменин бардык негизги системдерин сыноо үчүн учурулат.
"Эгер миссия ийгиликтүү аяктаса, анда кийинки жылы биз дагы эки учкучсуз миссияны өткөрөбүз. Ал эми 2027-жылдын мартында бардык сыноолор аяктагандан кийин премьер-министр Нарендра Моди жарыялагандай, "Гаганьян" негизги башкарылган миссиясы ишке киргизилет",- деген ISRO'нун жетекчиси.
Эске салсак, 2018-жылдын августунда Индиянын премьер-министри Моди расмий түрдө анын өлкөсү биринчи улуттук космостук экипажды орбитага чыгара турганын жарыялаган. Анын төрт мүчөсү буга чейин Орусияда окуудан өтүп, азыр Индияда окуусун улантышууда. Долбоордун аталышы "Гаганьян".
