super.kg logo

"Газадагы балдар аябай ач көрүнөт". Трамп эми гана байкай баштады

 

АКШ президенти Дональд Трамп Шотландияда өткөн маалымат жыйынында Газа секторундагы гуманитардык кырдаал боюнча пикирин айтты.

Ал жерде ачарчылыктан кеминде 88 бала каза болгону белгиленгенге карабастан, Трамп:

"Телевизордон көргөнүмө караганда, Газадагы балдар аябай ач көрүнөт. Алар дароо тамак-ашка жана коопсуздукка жетиши керек",- дегенин жазат чет элдик басылмалар.

Ошол эле учурда Трамп АКШ Газага эбегейсиз көп акча бергенин, бирок бир да адам рахмат айтпаганын белгиледи.

Трамп өз сөзүндө, эгер ал болбогондо азыр дүйнөдө алты ири согуш болуп кетмек деп ишендирди. Ал ошондой эле Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун өткөн аптадагы ок атышууну токтотуу жана барымтадагы адамдарды бошотуу аракеттери ийгиликсиз болгондон кийин Газадагы ХАМАСка каршы күрөшүү ыкмасын өзгөртүү керектигин кеңеш кылганын айтты.

"ХАМАС бир нече барымта менен узакка чыдай албайт. Алар тирүү калкандын ролун аткарып жатышат",- деди Трамп.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Израилдин Газадагы курчоосунан улам, акыркы сутка ичинде дагы 14 палестиналык ачарчылыктан каза болуп, жалпы саны 147ге жетти. Алардын 88и балдар.

"Газада ачарчылык өлүм алып келүүнү улантууда",- деп жазды министрликтин өкүлү Мунир ал-Бурш социалдык тармактагы баракчасына.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: