super.kg logo

Өлкөгө сапатсыз битум алынып келгени аныкталды

 

Ошто битум материалдарын мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, стандарт талаптарына жооп бербеген битум материалдары өлкөгө "Т" ЖЧК жана "А" ААК компаниялары тарабынан ташылып келген. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 2-бөлүгү (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан контрабанда же жасалма документтерди колдонуу) менен кылмыш иши козголгон.

"Продукциялар тиешелүү декларациясы жана каттоосу жок алынып келген, бул сапатсыз жана потенциалдуу кооптуу продукцияны ташып келүү аракеттерин көрсөтүп турат. Жол курууда жасалма битумду колдонуу бюджетке зыян келтирип, жолдун үстүн жана коопсуздук нормаларын бузууга алып келет",- деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат аталган компаниялардын кызматтык имараттарында тинтүү жүргүзүлүп, аларга тиешелүү битум чуңкурлары мөөрлөнүп бекитилгенин кошумчалады. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: