Түркияда токойлордо чыккан өрткө байланыштуу 149 адам кармалды
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жай мезгилиндеги токойлордун өрттөнүшүнө байланыштуу 40ка жакын адам камакка алынганын билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары кабарлашты.
Эрдогандын айтымында, быйыл өлкөдө чыккан токой өрттөрүнүн 96 пайызы адам факторунан улам келип чыккан.
Президенттин маалыматына ылайык, 1-июндан бери 149 адам кармалып, алардын ичинен 38и камакка алынган. 61 адамга соттук көзөмөл чарасы колдонулган. Камалгандардын бири Бурса шаарында чыккан өрткө тиешеси бар экени айтылууда.
Эрдоган Түркия токой өрттөрүнө каршы активдүү күрөшүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2020–2024-жылдар аралыгында Түркия токой жоготуулары боюнча Испания, Италия, Греция, Португалия, АКШ жана Канададан аз жоготууга учураган.
Ошондой эле Түркиянын Жер Ортолук деңиз аймагындагы бардык өлкөлөрдүн ичинен эң көп атайын өрт өчүрүүчү учактарга ээ экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, июнь айынан бери чыккан токой өртүнүн кесепетинен Түркияда 17 адам каза болгон.
