super.kg logo

Ким Чен Ындын карындашы АКШ идеясынан баш тартышы керектигин айтты

 

Түндүк Корея АКШнын мурдагы сүйлөшүүлөрүнө каршы чыгып, өлкөнүн өзөктүк куралга ээ мамлекет катары макамын четке каккан эч бир аракетти кабыл албай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Түндүк Кореянын Борбордук жаңылыктар агенттигинин (KCNA) маалыматына караганда, Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон АКШ президенти Дональд Трамптын Корея жарым аралында туруктуулук орногону жана Пхеньян башкаруусу АКШ менен диалогго ачык бойдон калып жатканы тууралуу Вашингтондун билдирүүлөрүнө сын айтты.

Ким Ё Чжон мындай бир тараптуу бааларга эч кандай маани бербестигин айтып, Ким Чен Ын менен Трамп жолуккан жылдардан бери дүйнөдөгү геосаясий кырдаал кескин өзгөргөнүн белгиледи.

Ал ошондой эле, өзөктүк куралга ээ эки өлкөнүн тиреш жолуна түшүшү эки тарап үчүн тең эч кандай пайда алып келбесин эскертип:

"Биздин өзөктүк статусубузду четке каккан ар кандай аракетти кескин түрдө четке кагабыз",- деди ал.

Ким Ё Чжон Ким Чен Ын менен Трамптын жеке мамилеси жаман болбогонун кошумчалады. Ошондой эле ал АКШ өзөктүк чындыкты тааныбаса, келечектеги саммит өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр АКШнын үмүтү бойдон каларын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: