super.kg logo

Орусияда теракт уюштурууга шектүү катары Борбордук Азиянын жараны кармалды

 

Ростов-на-Донуда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы теракт уюштурууга шектүү адамды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, мекеме Украинанын атайын кызматтарынын тапшырмасы менен теракт даярдап жаткан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны, 1982-жылы туулган адамды кармаган. Ал Орусиянын жогорку даражадагы аскер кызматкерине кол салууну пландаган.

Текшерүү маалында кармалган адамдан 400 граммдык колдон жасалган бомба табылган. Мекеме билдиргендей, учурда шектүү күнөөсүн мойнуна алып, көрсөтмө берип жатат.

Бул факт боюнча шектүүгө "Террордук актка даярдануу", "Жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактоо жана ташуу" жана "Жарылуучу заттарды мыйзамсыз жасоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда шектүү камакка алынганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: