Тук-тук менен дүйнөнү кыдырган саякатчы Кыргызстан аркылуу өттү
Өлкөбүздө туризм өнүгүп, туристтердин көп келе баштаганы албетте сүйүндүрбөй койбойт. Бул жолу Кыргызстанга өзгөчө турист келди. Ал Швейцариянын жараны Дмитрий. Анын өзгөчөлүгү тук-тук унаасы менен келгендигинде.
Тук-тук - бул Түркия, Вьетнам, Таиланд, Камбоджа сыяктуу өлкөлөрдө шаар ичин кыдыруу үчүн туристтерге арналган унаа кызматы. Дмитрий тук-тукту Камбоджадан сатып алган. Жана бул унаа менен Швейцарияга чейин жетүүнү пландаган.
Биздин портал Дмитрийдин тук-тук менен саякатына кызыкты. Ал Кыргызстанга жеткенге чейинки басып өткөн жолу тууралуу #Sayakattime рубрикасына айтып берди.
- Саламатсызбы, Дмитрий! Кыргызстанга кош келипсиз! Жакшы келип алдыңызбы?
- Саламатсызбы! Ооба, жакшы келип алдым, рахмат.
- Сиздин план боюнча Камбоджадан Швейцарияга чейин тук-тук менен канча өлкөнү көрүп өтөсүз жана Кыргызстан ал жолдо канчанчы өлкө?
- Жалпысынан болжол менен 16 өлкө, Кыргызстан учурда бешинчи өлкө.
- Эң сонун! Буга чейин Кыргызстанга келдиңиз беле? Келген эмес болсоңуз биздин өлкөнү билет белеңиз?
- Жок, биринчи жолу келишим. Казакстанда саякаттап жүргөндө Кыргызстан тууралуу көп уктум. Көпчүлүк саякатчылар бул жакка келген же келүүнү каалап жатышкан. Алардын баары эле "Кыргызстан абдан кооз өлкө" деп айтып калышты.
Мен саякаттоону жакшы көрөм. Буга чейин 78 өлкөгө барып келгем. Башка саякаттарымда да Кыргызстан тууралуу уккан болчумун. Бирок, биз, Швейцарияда көбүнчө "стан" өлкөлөрү тууралуу жалпы эле түшүнүк менен сүйлөшөбүз. Тактап айтканда ар биринин өзгөчөлүктөрүнө токтолбойбуз, жалпылап эле Борбордук Азия өлкөлөрү деп айтып келебиз.
Алгач мен бул өлкөгө тук-тугум менен келем деп пландаган эмесмин. Бирок бул жакка келүү канчалык жеңил экенин түшүнгөндө, планымды өзгөрттүм жана бул үчүн мен аябай бактылуумун.
Мен келечекте Кыргызстанга кайра келгим келет. Бул жолу убактым аз болуп калды. Кийинки келгенде Памир трассасы менен саякаттап, бул керемет өлкөгө көбүрөөк убакыт бөлгүм келет.
- Аябай көп өлкөлөрдө болуптурсуз. Кыргызстандан башка өлкөдөн көрбөгөн кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?
- Кыргызстан чын эле абдан кооз экен. Табияттар, пейзаждар укмуш. Мен швейцариялык болгондуктан кооздукка көнүп калган болушум керек эле. Бирок бул таптакыр башкача жана мени таң калтырды. Ошондой эле адамдар абдан меймандос. Чек арада болобу, мени токтоткон милиция кызматкерлери болобу - абдан сылык мамиле жасап жатышат. Дагы бир өзгөчөлүк көпчүлүгү мени инстаграмдан таап, катталып алышты.
- Саякаттоону качан баштагансыз?
- Мен 2023 жылы биздин диний майрам болгон Кристмастан кийин кадимки саякатчы болуп баштадым. Ал эми тук-тук менен ушул жылдын май айларында жолго чыктым.
- Эмне үчүн тук-тук?
- Бул мага көп берилген суроо. Буга чейин мен кадимки туристтердей эле коомдук транспортторду колдонуп саякаттачумун. Кийин Вьетнамда скутер менен жол уладым. Анын жардамы менен 1500 чакырым жолду басып өттүм. Ошондо мага "Швейцарияга өзгөчө транспорт менен кайтсамбы?" деген ой келди. Скутер болбойт болчу. Велосипед сатып алсамбы дедим. Бирок ал да жаан сыяктуу аба-ырайына ылайыктуу эмес. Камбоджанын тук-туктары эсиме келе түштү. Ошентип, үйгө кайтуу жолум кызыктуу жана эсте каларлык болуусу үчүн тук-тукту тандап алдым.
- Чын эле аябай кызыктуу, чоң саякатка бел байлаптырсыз. Жолуңуздун жеңилдигин берсин. Тук-тук менен саякатыңыз буга чейинки саякаттарыңыздан эмнеси менен айырмаланат?
- Мен көпчүлүк адамдар бара бербеген жерлерге саякаттаганды жакшы көрөм. Алты жыл мурун Швейцариядан Түндүк Кореяга чейин поезд менен саякаттагам.
Бирок тук-тук менен саякаттоо - бул таптакыр башка деңгээл. Мисалы, автобус менен саякаттагандарга караганда мен өлкөнү көбүрөөк көрүп-билем. Мен дайыма жолго жана айлана-чөйрөгө көңүл бурган абалда болом. Ошол эле учурда каалаган жерде токтоп эс алууга, сүрөт, видео тартууга же түнөп калууга мүмкүнчүлүгүм бар.
- Бүгүн сиздин чоң саякатка чыкканыңызга 63 күн болуптур, демек, 2 айдан ашып калыптыр. Үйүңүзгө кайсы убакта жетүүнү пландагансыз?
- Болжол менен ноябрда. Кристмас майрамын үй-бүлөм менен өткөргүм келет.
- Тук-тук менен саякатыңыз аяктагандан кийин эмне кылайын деп жатасыз?
- Алгач узак жолдон, айдоодон, социалдык тармактардан, видео монтаждоодон жакшылап эс алышым керек. Жаңы саякаттар боюнча учурда ойлорум бар. Мисалы Гибралтардан Түндүк Кейптаунга чейин саякаттоо. Бирок бул пландарым ошол учурда социалдык медиадан тапкан каражатка да жараша болот. Өзүмдү кантип каржылай алам, ошого жараша чечем.
- Бул саякатыңызды баштаган алгачкы күнүңүздү эстесеңиз. Коркуу сезими болду беле?
- Ооба. Пландан сыткары көп нерселер болуп кетиши мүмкүн жолдо.
Тук-тугумду бензин менен иштегенге өзгөрткөндөн кийин көп бузула баштады. Ар дайым "эгер жолдун ортосунда бузулуп калса эмне болот?" деп ойлончумун. Бирок Тук Самом (тук-тугумдун аты) ишенимдүү жана чыдамкай шерик болуп чыкты.
Ошондой эле чек аралар коркутат. Ар бир жаңы чек арага жакындаганда дайыма корком. Лаос чек арасынан өтүү эң кыйын болду. Калгандарынан салыштырмалуу жеңил өттүм. Буга чейинки жолумда кыргыз чек арасы эң жеңил жана жагымдуу болду - өтүү үчүн болгону 10 мүнөт гана кетти.
- Коркууну кантип жеңдиңиз?
- Мурунтан эле ушундай саякаттарды кыялданчумун, бирок коркчумун. Азыр болсо ар бир адамга айтарым - биринчи кадамды таштаңыз. Сиз эч качан толук даяр болбойсуз. Жолдо ар түрдүү окуяларга дуушар болосуз. Күтүлбөгөн көйгөйлөрдү чечүү менен такшаласыз. Анан бара-бара коркунуч азаят, балким толугу менен жок болот.
Эр жүрөктүк - коркуунун жоктугу эмес, коркуу бар туруп кадам таштоо.
- Чындыгында бул шаар ичине арналган унаа го. Узак жолдо кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
- Жогоруда айтканымдай, Камбоджадан келе жатканда Лаостун чек арасы абдан кыйын болду. Офицер мага кирүүгө уруксат жок деп айткан. Чек арадан өтүү дээрлик 12 саатымды алды.
Бирок эң чоң кыйынчылыктар - менталдык учурлар: эч ким менен жолукпоо жана узак убакыт жалгыз болуу. Күндүнө 6, 7, 8, кээде 10 саат айдоо, анан видео монтаждоо.
Андан кийин Алматыда жогоруда айткандарымдын тескериси болду. Ар дайым адамдардын арасында болуп, өзүм үчүн убактым жок болуп жатты.
- Саякат учурунда эң көп узатылган сизге жакпаган суроо кайсы?
- "Азыр кайдасың?" деген суроо. Мен күн сайын учурда кайда экенимди көрсөткөн видеолорду жүктөп турам. Аягына чейин көрбөй эле ошентип комментарий жаза беришет.
Дагы бир суроо "Газды кантип толтуруп жатасың?". Муну көбүнчө камбоджалыктар берет. Анткени тук-тук алгач газ менен жүрчү. Мен аны газдан бензинге алмаштырганмын. Бул суроого да жооп кылып видео тартканмын. Бирок кайра-кайра узатыла берчү суроолордун бири.
- Эсте калган кызыктуу күндөрүңүз менен да бөлүшө кетсеңиз.
- Кытай чөлүндө уктаганым мен үчүн унутулгус болду. Лаосто табигый булак бассейндеринде сүздүм. Бул да өзүмө өзгөчө жакты.
Бир жолу Кытайдагы бир дүкөн мени чакырып, белгисиз бөтөлкөдөгү Кытай спиртин чоң өлчөмдө белекке беришти. Азыр аны "Кытай суусу" деп атап, дайыма адамдарга сунуштайм.
Айрым өлкөлөрдө тук-тукту биринчи жолу көргөндөр болот. Мисалы, Алматыда жана Бишкекте ар 100 метр сайын таң калып карап, сүрөткө, видеого тарткандар болуп жатат. Мен болсо аларга кол булгап, жылмайып гана коём.
Андан сырткары, азыр ар өлкөдөн журналисттер да мени менен байланышып, маек ала башташты. Бул да мен үчүн чоң саякатымдагы кызыктуу учурларга кирет.
- Дмитрий, убактыңызды бөлүп маек бергениңизге терең ыраазыбыз. Сизге аман-эсен үйгө жетип алышыңызды каалайбыз. Ак жол!
- Чоң рахмат! Сизге да ишиңизге ийгилик!
Дмитрийди алдыда дагы да узак жол күтүп турат. Ал өз жолун улантууда. Кыргызстандан кийин жолун Шымкентке, андан ары Өзбекстан, Орусия, Грузия, Түркия мамлекеттерине барарын маек учурунда бөлүштү.
Эгерде сиз да саякатка кызыгып, бирок эмнеден баштарыңызды билбей турган болсоңуз, Дмитрийдин айткандарын эске салабыз - жөн гана баштаңыз!
Тук-тук менен саякаттаган Дмитрий

