Саламаттык сактоо министрлигинде онкологиялык кызматтын азыркы абалы боюнча жыйын өттү
Кечээ, 28-июлда Саламаттык сактоо министрлигинде онкологиялык кызматтын азыркы абалы жана анын өнүгүү келечегине арналган кезектеги коллегиянын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жыйында онкологиялык жардам көрсөтүү системин чыңдоо, аны калк үчүн жеткиликтүү, сапаттуу жана натыйжалуу кылуу маселелери негизги темага айланды.
Иш-чарага президенттин администрациясынын өкүлдөрү, министрликтин коллегия мүчөлөрү, тармактык эксперттер, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, Улуттук онкология жана гематология борборунун (УОжГБ) жана бейтаптар коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Негизги баяндаманы Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева жасап, онкология жаатындагы азыркы кырдаалга кеңири талдоо берди.
Маалыматта 2024-жылы Кыргызстанда 6 651 жаңы рак оорусу катталган, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 8,9 пайызга көп. Ошол эле учурда бейтаптардын 40 пайыздан ашыгы медициналык жардамга кеч кайрылып, айрым аймактарда бир жыл ичинде каза болуу деңгээли 40 пайыздан жогорулаган. Жалпысынан өлкө боюнча 5 жылдык жашап кетүү көрсөткүчү 34,2 пайызды түзөт.
Жыйындын жүрүшүндө бир катар негизги системдүү көйгөйлөр белгиленди: эскирген ченемдик-укуктук база, ооруканалардын керебеттерин жана жабдууларын натыйжалуу эмес пайдалануу, дары-дармек менен камсыздоодо ачык-айкындуулуктун жоктугу, эсепке алуу жана маршрутизациялоо боюнча санариптик чечимдерди ишке ашыруунун төмөндүгү, профилактикалык иштердин начардыгы, БМСЖ дарыгерлеринин онкология боюнча сергектиктин жоктугу жоктугу.
Саламаттыкты сактоо министри тиешелүү мекемелер аралык жана эксперттик топтордун ишин ыкчамдатууну, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын катуу көзөмөлгө алууну жана дарылоо натыйжаларына ачык мониторинг жүргүзүү тутумун түзүүнү тапшырды.

