Касымалиев Денис Петрашовду Дүйнө чемпиондугундагы жетишкендиги менен куттуктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев телефон аркылуу сууда сүзүүчү Денис Петрашовду Сингапурдагы суу спорту боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңип алышы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда президенттин администрациясынан билдиришти.
Адылбек Касымалиев Денис Петрашовдун 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө Кыргызстандын жаңы рекордун (58,88 секунд) жараткан жеңиши ата мекендик спорт үчүн тарыхый окуя экенин белгиледи.
Касымалиев ошондой эле спортчунун талантын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн машыктыруучуларына жана устаттарына ыраазычылык билдирип, Денис Петрашов эрдиктин жана спортко берилгендиктин символу экенин, анын ийгилиги бүткүл Кыргызстан эли үчүн зор сыймык жана шыктандыруу экенин баса белгиледи. Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев Денис Петрашовго чың ден соолук жана Ата Мекен үчүн жаңы спорттук ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, кечээ, 28-июлда суучул Денис Петрашов Сингапурда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды.


