Ташиев Кембридж университетине окууга кабыл алынган Ногойбаевди кабыл алды
Бүгүн, 29-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусунун Ат-Башы айылынын тургуну Нурлан Ногойбаевди кабыл алды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, Ногойбаев Англиядагы Кембридж университетинин Технология саясаты боюнча магистратурага тапшырып, окууга кабыл алынган. Ал "Эл үмүтү" президенттик стипендиясына ээ болуп, каржылык колдоо алган. Бирок ага дагы кошумча Ташиевге өтүнүч кат жазгандыктан, колдоо тапты.
Төрага билимдүү жаштар өлкөнүн эртеңки келечеги экендигин баса белгилеп, Нурландын окуусуна ийгилик каалады.
Ногойбаев буга чейин Франциянын Париж шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринен Жасалма интеллект боюнча магистратураны аяктаган. Акыркы эки жарым жылдан бери Париж шаарында авиация тармагында инженер болуп иштеп келет.

