"Милиция бизди шылдыңдап жатат". Зордукталган майып кыздын апасы акыйкатчыга кайрылды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ички иштер министрлигин 21 жаштагы, II топтогу майыптыгы бар кыздын иши боюнча калыс жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалым болгондой, акыйкатчы жабырлануучунун апасы, Бишкек шаарынын тургуну С.Ч. менен жолугушту. Ал институтка кызынын укуктарын коргоо жана шектүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен кайрылган.
Апасынын айтымында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тобу менен зордуктоо боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартып, шектүүлөрдү кармабай жатат.
"Мен жана кызым дагы II топтогу майып. Милиция бизди жөн эле шылдыңдап жатат. Адвокат менен дагы адилеттикке жете албай турабыз. Кызымды коргой албаганыма жана аны кордогондорду жазага тарттыра албаганыма аябай кейип турам",- деп айтып берди жабырлануучунун апасы.
Буга чейин ЖМКларда кабарлангандай, окуя быйыл 10-апрелде Бишкектеги курулуп жаткан үйлөрдүн биринде жасалган. Апасынын айтымында, курулушта иштеген эки чет элдик жаран алгач кызды азгырууга аракет кылган, андан кийин өздөрү жашаган жерине сүйрөп кеткен.
"Алар аны түнү менен кезек менен зордуктап, коркутушкан. Эртең менен таксиге салып, Ош базары тарапка жөнөтүшкөн. Ал жерден өтүп бара жаткандар милиция чакырышкан",- деди кыздын апасы.
Жабырлануучу бала кезинен бери акыл-эсинин өнүгүүсүнүн артта калуусунун жеңил формасы менен жабыркайт. Ага карабай, ал атайын мектепти жана эки кесиптик лицейди бүтүргөн. Апасы окуядан кийин кызы катуу депрессияга кабылганын айтат.
Жактоочунун айтымында, тергөө жабырлануучу тарапка соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалардын жыйынтыктарын бербей жатат. Андан сырткары, кыздын жана анын жактоочусунун баш тартканына карабастан, милиция мыйзам нормаларын бузуу менен психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүүнү талап кылууда.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага тергөө иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат сурап, кат жөнөттү.
Омбудсмен Ички иштер министрлигинин жетекчилигин жабырлануучунун арызы боюнча зарыл чараларды көрбөгөн Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине юридикалык баа берүүгө чакырды.

