Орунбеков аянттагы Манастын эстелиги боюнча пикирин билдирди
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "Ала-Тоо" аянтында орнотулган Манастын айкели боюнча пикирин билдирди.
Айта кетсек, учурда коомчулукта аталган эстеликтин айланасында түрдүү пикирлер айтылып жатат.
"Ар кимибиз Манасты өз кыялыбызга жараша элестетебиз. Дүйнө таанымыбыз, аң-сезим деңгээлибиз кандай болсо, Манасты ошондойчо кабыл алабыз. Мисалы, мен бала кезде Манасты алп, керек болсо анын муруту эле Алайкууга келе жаткан капчыгайга батпай тургандай зор элестетчүмүн. Бирок аны эч качан кадимки адам катары көрө алган эмесмин — мен үчүн ал нурдан жаралган, өзгөчө күчтөй кабыл алгам.
Бул деген Манас — ар бир кыргыздын руханий түшүнүгүндө, жүрөгүндө ар түрдүү формада жашаган улуу күч. Анын образын материал менен толук жеткирүү мүмкүн эмес. Манастын келбети биздин элестетүүдө чексиз, ошондуктан аны эч ким так сүрөттөп бере албайт. Анткени аны көргөн да, сүрөттөгөн да болгон эмес. Манасчылар гана аян түрүндө көргөнүн угуп жүрөм.
Азыр “Манас окшошпой калыптыр” деп жаткандар деле аны өз дүйнөсүндө чексиз, улуу образда элестеткендер деп ойлойм. Эстелик болгону символ. Ал Манасты эстетип турган бир предмет, бирок Манастын өзү эмес.
Андыктан Манаска окшошпой калыптыр деп талкуулай берген деле ашыкча. Кандай болбосун, кыргыз балдары Манасты талкуулап жатканы — бул жакшы көрүнүш. Бул улуу мураска кайдыгер эместигин, аны бийик көрүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт. Туура, Манас эстеликте эмес — ал ар бир кыргыздын жүрөгүндө", - деп жазды Орунбеков.
Эске салсак, "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан Айкөл Манас монументин реконструкциялоо иштери ушул жылдын январь айында башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:14
2025-07-29

Рейтинг:
0

