Таласта ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт өчүрүлдү

Ага ылайык, Жамбыл облусундагы Кыргызстан менен чектешкен ачык аянтта бүгүн, 29-июлда кургак чөптөн өрт чыгып, Таластагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тетин-Сай капчыгайына өткөн.
Кыргызстандагы өрт саат 20:50дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 7 гектарды түздү.
"Таластагы кыргыз-казак чектешкен аймакта шамал болуп жалын тутануу коркунучу болгондуктан, 81 куткаруучу жана Талас токой чарба кызматынан 36 кызматкер, жалпы 117 адам нөөмөттө калышты", - деп билдирди ӨКМ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:12
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.