Бостеридеги айланма дөңгөлөктүн иштөөсүнө убактылуу чектөө киргизилди
Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Колесо обозрения" аттракционунун иштөөсү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-июлда Ысык-Көл району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия түзүшкөн. Жыйынтыгында акт түзүлүп, аттракцион ээсине талаптар коюлган.
Алсак, кооптуу абал дагы кайталанбашы үчүн атайын адистери бар мекемелер аркылуу аттракционду толук техникалык кароодон өткөрүүсү керектиги белгиленген жана коюлган талаптар толук аткарылмайынча аттракционду иштетүүгө тыюу салынган.
Буга чейин социалдык тармактарда айланма дөңгөлөктөгү кабинкалардын бири кулап кете жаздаганы айтылган видео тараган. Анда ичинде 3 адам бар экени айтылган эле. Окуя 27-июль күнү болгон.
30.07.25.
