super.kg logo

"Бетиңерге айткам". Бишкек мэри кол алдындагыларга эскертүү берди (видео)

 

Бишкек шаарынын башчысы Айбек Жунушалиев мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринен жаралган көйгөйлөрдү тез чечүүнү талап кылды.

"Калп айтпасам, силер менен буга чейин башкармалык департамент болуп турган учурда үч жолу жолуксам керек. Үч ирет алдыңарга келип, сурандым. "Муниципалдык менчик боюнча көптөгөн көйгөйлөр жаралып жатат. Силердин шаар тургундары менен иштешкен ишиңер жарабайт" деп эле бетиңерге айткам.

Текшерүү мөөнөттөрүн так койгула. Эми башкармалыктын кызматкерлерине талаптар 10 эсе күчөтүлөт. Башкармалыкты жаман көрсөтүп, артка тартып иш жүргүзүүгө жол берилбейт",- деди ал.

Эске салсак, 17-июлда муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Бакыт Шеримбеков ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Бекбоев дайындалган.






30.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: