super.kg logo

Улуу Британия сентябрда Палестина мамлекетин таанышы мүмкүн

 

Израил өкмөтү Газа секторундагы абалды жакшыртуу боюнча олуттуу кадамдарды жасабаса, Улуу Британия сентябрда Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын сессиясында Палестина мамлекетин таанууга даяр. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Кир Стармер билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Стармердин айтымында, Израил кол салууну токтотуп, туруктуу тынчтык процесси үчүн аракеттенүүгө, ошондой эле "эки элге эки мамлекет" концепциясын кайра жандандырууга милдеттениши керек.

Мындан тышкары, Израил Палестин элине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн БУУга жол ачып, Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги аймактарды аннексиялоодон баш тартуусу зарыл. Эгер Израил бул шарттарды аткарбаса, Улуу Британия Палестина мамлекетин таанууга даяр.

Стармер ошондой эле ХАМАС уюму туткундарды бошотуп, куралдуу аракеттерден баш тартуусу керектигин белгиледи.

Стармердин билдирүүсүнөн бир нече күн мурда Франциянын президенти Эммануэль Макрон да сентябрда БУУ Башкы ассамблеясынын жыйынында Палестина мамлекетин тааный турганын билдирген.

Палестина мамлекетин расмий түрдө БУУнун 193 мүчөсүнүн ичинен 147 мамлекет тааныйт, алардын катарында Орусия, Кытай, ошондой эле Латын Америкасы менен Африканын басымдуу көпчүлүк өлкөлөрү бар. Бирок Европа мамлекеттеринин көпчүлүгү Палестинанын суверенитетин тааныбай келген.

2024-жылдын май айында Ирландия, Испания жана Норвегия Палестина мамлекетин тааныды. Андан кийин июнда Словения да бул өлкөлөрдүн катарына кошулду. Учурда Палестина БУУда байкоочу статусуна ээ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: