Маркум атасынын 6 миллион рубль аманатын кызы байкабай ыргытып жиберген

Орусиянын Амур облусунун Завитинск шаарында маркум атасынын үй-бүлөлүк аманаттарын иргеп жатып, кокусунан байкабай 6 миллион рублду кошо ыргытып жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, акчаны жергиликтүү тургундар таап алып, коротуп салышкан. Аял арыз менен полицияга кайрылган. Териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Аял өз арызында Завитинск шаарында жашаган маркум атасынын жеке буюмдарын иргеп жатып, өзү керексиз деп эсептеген буюмдарын ыргытып жибергендигин билдирген. Кийинчерээк бул буюмдардын ичинде үй-бүлөнүн аманаттарын түзгөн накталай акчалар бар экени белгилүү болгон. Арыздануучу ыргытылган буюмдарды жана акчаларды жергиликтүү тургундар таап алып, ээлик кылууда деп билдирген",- деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтарган караганда, алты миллион рубль акчага маркум атасы Москва облусунан батир сатып алууну пландаган. Кызы бул тууралуу билген.
