Өкмөттүн жыйынында саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелер талкууланды
Министрлер кабинетинин отурумунда саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелер талкууланды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, жыйында саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев баштаган министрликтин мекемелеринин жетекчилери саламаттыкты сактоо системинин учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору, ошондой эле бул тармактын бүгүнкү күнгө чейинки жетишкендиктери тууралуу баяндама жасашты.
Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо тармагындагы олуттуу маселелерге – өлкөдө дарыгерлердин жетишсиздиги, тагыраагы калкты дарыгерлер менен камсыздоо деңгээлинин төмөндүгү, эмгек акынын аздыгы, айрым медициналык мекемелердин имараттарына капиталдык оңдоодон өткөрүү, ошондой эле медициналык жабдыктар толук жетишсиз экени айтылды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматынын негизинде министр Эркин Чечейбаев 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу калктын жалпы өлүмүнүн көрсөткүчү 2,3 пайызга жогорулаганын билдирди. Өлүмдүн себептеринин тизмесинде кан айлануунун бузулуусу, шишиктер, жаракаттар жана уулануулар жана дем алуу органдарынын оорулары бар.
КМШга мүчө өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда дарыгерлер менен камсыздоо эң төмөнкү деңгээлде экени айтылды. Медициналык кызматкерлердин жетишсиздигинин негизги себеби катары айлык акынын аздыгы белгиленди.
Мындан тышкары, республика боюнча жалпы медициналык мекемелердин 25,8 пайызы капиталдык оңдоону талап кылат, ал эми 4,6 пайызы жаңы имарат курууну талап кылат, мындай жарактан чыккан ооруканалар 30, 100 жыл мурда курулган.
Жыйында өкмөт жетекчиси Адылбек Касымалиев: “Быйыл саламаттык сактоо тармагында 32 ири объект салынууда, аларга 8,6 миллиард сомдон ашык каражат жумшалууда. 2021-жылы саламаттык сактоонун бюджети 26 миллиард сомду түзсө, быйыл, 2025-жылга бюджеттен 49 миллиард сом караганбыз жана жумшалууда. Бир эле гемодиализ үчүн жыл сайын 2,8 миллиарддан ашык каражат кетүүдө. 7 облуска 7 МРТ, 4 облуска компьютердик томография алып бердик. Президенттин тапшырмасы боюнча 2026-жылдан тартып саламаттыкты сактоонун айлыктарын көтөрүү маселеси коюлган, бул боюнча иштер алып барылат. Негизи эле саламаттыкты сактоо тармагын жалпы жакшыртуу иштери жүргүзүлөт”,- деди.
