super.kg logo

Бишимбаевдин тууганы мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн

 

Казакстандын Степногорск шаарында сот Салтанат Нукенованын өлүмүнө байланыштуу иш боюнча соттолгон Бахытжан Байжановго амнистия берүү өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу 30-июлда жергиликтүү ЖМКлар кабарлашты.

Маалым болгондой, соттун токтому менен анын жаза мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылып, акыркы жаза мөөнөтү 1 жыл 4 ай 17 күндү түздү. Бул чечим азырынча күчүнө кире элек.

Айта кетсек, 2023-жылдын 9-ноябрында Астана шаарындагы ресторандардын биринде Салтанат Нукенова денесине келтирилген оор жаракаттардын айынан каза болгон. Ал мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин жубайы болгон.

Бишимбаев соттун чечими менен 24 жылга эркинен ажыратылган. Анын тууганы Бахытжан Байжанов "Кылмышты жашырган" деген берене менен күнөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Ал июль айында жаза мөөнөтүн кыскартуу тууралуу сотко өтүнүч катын жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: