super.kg logo

Санду Орусияны Молдовадагы шайлоого кийлигишүүгө даярданып жатат деп айыптады

 

Молдованын президенти Майя Санду Орусияны 28-сентябрда өтө турган Молдованын парламенттик шайлоосуна кийлигишүүгө даярданып жатат деп билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, шайлоодогу эң чоң коркунучтар катары коррупция жана Орусия тарабынан мыйзамсыз каржылоо болуп саналат.

"Орусия күздөн тарта Молдованы көзөмөлдөөнү каалайт жана сентябрдагы шайлоого болуп көрбөгөндөй кийлигишүүгө даярданууда",- деди Майя Санду.

Бүгүн Кишинёв шаарында мамлекет башчысы Маалыматтык манипуляцияга жана шайлоо процессине сырткы кийлигишүүгө каршы күрөшүү максатында чакырган Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Өткөн жуманын аягында Владимир Путин Орусияда жашаган жана иштеген молдовалык жарандардын турмушун жеңилдетүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Молдова президентинин басма сөз катчысы Игорь Захаров бул жарлыкты алдыдагы шайлоо менен байланыштырып, аны "Кремлдин шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү аракети" деп атады.

Молдова парламентин шайлоо 28-сентябрда өтүшү керек. Өткөн жумада оппозициядагы үч партия коммунисттер менен биригип, бир блок түзүштү. Алар шайлоого катышуу үчүн документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: