УКМК Аксыда үч милиция кызматкерин кармады







Жалал-Абаддын Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пара талап кылгандыгы үчүн кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат райондун тургунунан пара талап кылуу боюнча арыз түшкөнүн белгиледи. Тагыраагы, Аксы РИИБинин Жаңы-Жол аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны Ы.Р., участкалык улук инспектор, милициянын улук лейтенанттары Т.А. жана А.Б. арыз ээсинин турак жайына мыйзамсыз кирип, аңчылык мылтыгын тартып алышкан.
Андан соң милиция кызматкерлери аны ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутушуп, 30 миң сом пара алышкан. Бирок алар аны менен токтошкон эмес.
УКМК шектүүлөр арыз ээсинен кезектеги 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын маалымдап, аймактык милиция бөлүмүнүн жетекчисинин жашаган жерин тинтүү учурунда мурда алынган ок атуучу курал табылганын кошумчалады. Учурда тергөө иштери уланууда.
