Полиция формасын кийип, коомдук транспортко түшкөн адам кармалды
Орусиянын Тула облусунда полиция формасын коомдук транспортто бекер жүрүү үчүн колдонгон адам кармалды. Маалыматты облустук сот департаментинин басма сөз кызматы таратты.
26-июль күнү эртең менен Киреевский районунун Приупский айылында өтүп бара жаткан укук коргоо кызматкерлери полиция формасын кийген адамды байкашкан. Ал коомдук транспорттун аялдамасында турган.
Маалым болгондой, жаран буга чейин мыйзам бузууга туш болуп, полиция аны таанып калган. Ал кармалган учурда Тулага баратканын мойнуна алып, жол акысы бекер болушу үчүн форманы кийип жүрүүнү чечкенин айткан.
Жыйынтыгында аталган жаранга укук коргоо органдарынын символикасы түшүрүлгөн форманы мыйзамсыз кийгендиги үчүн протокол түзүлдү. Ага айып пул салынып, формасы конфискацияланган.
