super.kg logo

Окумуштуулар: Бактылуу түгөйлөр соцтармакка бирге түшкөн сүрөттөрүн аз жүктөшөт

 

Окумуштуулар бактылуу түгөйлөр интернеттеги социалдык тармактарга бирге түшкөн сүрөттөрүн башкаларга салыштырмалуу аз жарыялай турганын далилдешти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Shotkit кызматы тарабынан 18 жаштан 50 жашка чейинки 2000 түгөй катышкан масштабдуу сурамжылоо аркылуу илимпоздор соцтармактагы бактылуулук менен көнүмүш адаттын байланышын түшүнүүгө аракет кылышкан.

Социалдык тармактарды активдүү колдонгон түгөйлөрдүн 10 пайызы гана өздөрүн абдан бактылуу деп аташкан. Бирок бактылуу адамдардын дээрлик жарымы, тагыраагы 46 пайызы купуялуулукту баалайт. Ошол эле маалда жумасына үч же андан көп биргелешкен сүрөт жарыялаган түгөйлөр өнөктөштөрү менен сүрөттөрүн азыраак жарыялагандарга караганда 128 пайыз бактысыз экени белгилүү болгон.

Эксперттер бул тенденцияны ишенич менен байланыштырышат. Адам өзүнүн мамилесин ачык көрсөтүүгө канчалык аракет кылса, демек, анда ошончолук ички ишенимсиздик жана жакын адамын жоготуп алуу коркунучу бар экенин билүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: