1-сентябрдан тартып “Туңгуч” онлайн мектеби иштей баштайт
Быйыл 1-сентябрдан тартып заманбап санариптик технологиялардын негизинде түзүлгөн жаңы форматтагы “Туңгуч” онлайн мектеби өз ишке кирет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
5-11-класстардын окуучулары онлайн окутууга кабыл алынат. Документтерди кабыл алуу Бишкек шаарында жүргүзүлөт, ошондой эле онлайн режимде дагы кабыл алуу болот.
Мекемеден билдиришкендей, 1-августтан тартып ата-энелер менен расмий келишимдер түзүлөт жана окуучулар электрондук мектеп платформасына катталышат. Ошондой эле электрондук окуу китептери жаңы мамлекеттик стандарттарга ылайык жаңыртылып жатканы айтылууда. Ал эми мугалимдер үчүн окутуу семинарлары өткөрүлүүдө.
Министрлик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында ар бир балага, айрыкча салттуу мектепке бара албагандарга, заманбап жана сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү иштерин улантууда.
Ата-энелер талап кылынган документтердин тизмеси жана кошумча маалыматтар менен https://tunguch.kg/ расмий сайты аркылуу тааныша алышат.
