Небересинин оюнчук мылтыгын алып дүкөндү тоногон киши кармалды
Орусиянын Красноярск аймагында 54 жаштагы киши неберелеринен оюнчук мылтык алып, үйүнүн жанында жайгашкан азык-түлүк дүкөнүн басып алган. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин облустук башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаран беткап алып, оюнчук тапанча менен куралданып, дүкөнгө жөнөгөн. Кол салган адам кассага келип, сатуучу аялга "куралды" көрсөтүп, кассадагы акчанын баарын берүүнү талап кылган. Корккон аял ага дээрлик 11 миң рубль акча берген. Ал чыгып кеткенден кийин сатуучу аял милиция чакырган.
Кол салган киши изи сууй электе кармалган. Анда милиция кызматкерлери шектүүнүн тапанчасы желимден жасалганын аныкташкан. Кылмыш иши козголуп, киши үй камагына чыгарылган. Ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
