Песков Трамптын Орусияга койгон ультиматумуна жооп берди
Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШ президенти Дональд Трамптын Орусияга Украина менен тынчтык келишимине жетишүү үчүн 10 күн убакыт бергени боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Песковдун айтымында, эгерде америкалык тарап санкцияларды киргизсе, анда Орусия катуу жабыр тартпайт, анткени өлкөдө буга чейин эле белгилүү бир "иммунитет" калыптанган. Ал кошумчалагандай, Орусия "өтө узак убакыттан бери көптөгөн санкциялар шартында жашап келет".
"Биз Трамптын жана бул темада сүйлөп жаткан башка эл аралык өкүлдөрдүн билдирүүлөрүнүн бардыгын каттап жатабыз",- деди ал.
Эске салсак, 28-июлда Дональд Трамп Орусия менен Украинанын макулдашууга жетишүү мөөнөтүн 50 күндөн 10 күнгө чейин кыскарткан. АКШ президенти Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө жылыш болбой жатканына нааразы экенин билдирип, Орусия менен соода байланышын түзгөн өлкөлөргө санкция салына турганын айткан.
