Камчаткада цунами коркунучу жоюлду
Камчаткада цунами коркунучу жоюлгандыгын облустун өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Лебедев жергиликтүү басылмаларга билдирди.
Ага карабастан Лебедев жергиликтүүлөрдү этият болууга жана жээк сызыгынан алыс болууга чакырды.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, облустун калктуу аймактарында суунун деңгээли бийик көтөрүлгөн жок. Ошондой эле башкармалыктын адистери бир катар имараттарды карап чыгып, олуттуу кыйроолорду табышкан эмес.
Эскерте кетсек, жер титирөө эртең менен болгон. Авача булуңунун жээгинде цунами коркунучу жарыяланды. Сахалин облусунун Северо-Курильский районунда жана Петропавловск-Камчатскиде өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:04
2025-07-31
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.