super.kg logo

АКШ Таиланд жана Камбоджа менен соода келишимин түздү

 

АКШ Таиланд жана Камбоджа менен соода келишимдерин түздү. Бул тууралуу АКШнын соода министри Говард Латник билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Июлдун башында Ак үй бир катар өлкөлөргө, анын ичинде Таиланд менен Камбоджага 1-августтан тартып алардын товарларына тарифтерди жогорулата турганын кабарлаган.

Дүйшөмбү күнү Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Куала-Лумпурдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Таиланд менен Камбоджа түн ортосунан тартып от атышууну токтотуу жөнүндө макулдашканын билдирди. Ошондой эле тараптар чек арадагы куралдуу кагылышууну токтотуу боюнча кийинки кадамдарды талкуулашты. Анда Таиланддын жана Камбоджанын аскердик округдарынын аймактык командирлеринин жолугушуусун уюштуруу жана 4-августта эки өлкөнүн чек ара маселелери боюнча биргелешкен комитетинин жыйынын уюштуруу маселелери каралды.

Эске салсак, 24-июлда эки өлкөнүн чек арасында чыр башталгандан бери, кеминде 33 аскер жана жай тургун каза болуп, Таиланд менен Камбоджанын миңдеген жарандары өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. 28-июлда аталган эки өлкө Малайзияда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: