super.kg logo

Армения Азербайжан үчүн Сюник чек арасын ачууга даяр 

 

Армениянын президенти Ваагн Хачатурян өлкөнүн өнүгүшү үчүн Сюник облусундагы чек араны ачууга даяр. Бул чек ара Армения аркылуу Азербайжанды анын Нахичеван автономиясы менен байланыштырат.

Буга чейин АКШнын Түркиядагы элчиси жана Сирия боюнча атайын өкүлү Томас Баррак билдиргендей, АКШ Иран менен чек арада жайгашкан аталган Зангезур транспорт коридорун башкарууга даяр. Бул кадам Баку менен Еревандын сүйлөшүүлөрүн илгерилетүү максатын көздөйт.

Армениянын премьер-министринин басма сөз катчысы Назели Багдасарян мындай кадамды четке кагып, Армения өзүнүн аймагындагы Азербайжанды Нахичеван менен байланыштырган жолдун башка мамлекетке өткөрүлүшүн талкуулабастыгын белгиледи. Элчинин АКШга аймакты ижарага берүү боюнча айткандарына жооп берип жатып, Багдасарян "бул сыяктуу сөздөр Армения үчүн кабыл алынгыс" экенин белгиледи.

"Сюник Армениянын келечектеги өнүгүүсүнүн эшигине айланат. Эгер биз Сюниктин эшигин ача алсак, башкача айтканда, 43 чакырымдык жолду пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, анда келечек бизге абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет",- деди Хачатурян бул аймакка болгон иш сапарында.

Буга чейин Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин кеңешчиси Али Акбар Велаяти билдиргендей, АКШ Зангезур коридорун Москва менен Тегеранга карата кургактык блокада түзүү үчүн колдонууну көздөп жатат. Анын айтымында, бул долбоор АКШнын Украинаны Кавказ менен алмаштырып, Орусия менен Иранга карата жаңы басым көрсөтүү фронтун түзүү планынын бир бөлүгү. Бул планга НАТО жана айрым кыймылдар да колдоо көрсөтүп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: