Трамп Түштүк Корея менен соода келишими түзүлгөнүн жарыялады
Дональд Трамп АКШ менен Түштүк Кореянын ортосунда "толук жана бүтүмдүү" соода келишими түзүлгөнүн маалымдады. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social баракчасына жазды.
Анын айтымында, тараптар Түштүк Корея үчүн 15 пайыздык бажы төлөмүнө макул болушкан. Ошол эле учурда АКШга карата эч кандай бажы салыгы салынбайт.
Мындан тышкары, Трамп бул келишимдин алкагында Түштүк Корея АКШ көзөмөлдөгөн жана Трамп президент катары өзү тандай турган инвестицияларга 350 миллиард доллар бөлүп берерин билдирди.
Ошондой эле Трамп Түштүк Корея 100 миллиард долларлык суюлтулган жаратылыш газын (LNG) же башка энергия булактарын сатып алууга макул болгонун жана инвестиция максатында дагы чоң суммада салым салууга макулдашканын кошумчалады.
Бул ири сумма тууралуу расмий маалымат алдыдагы эки жуманын ичинде Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён АКШга расмий сапар менен келген учурунда жарыялана турганы айтылды.
Мындан сырткары, Трамп Түштүк Корея АКШ менен соода жаатында толугу менен ачык болоруна, Америкада чыгарылган унаа, жүк ташуучу унаа жана айыл чарба продукциялары сыяктуу товарларды кабыл алары боюнча макулдашуу түзүлгөнүн белгиледи.
Белгилей кетсек, 2-апрелде Трамп өз билдирүүсүндө Түштүк Кореяга 25 пайыздык бажы төлөмү киргизиле турганын айткан болчу.
