super.kg logo

Канада сентябрда Палестинаны мамлекет катары тааныйт

 

Канаданын премьер-министри Марк Карни Оттава Палестина мамлекетин БУУнун Башкы ассамблеясынын сентябрда боло турган сессиясында тааный турганын билдирди.

"Канада 2025-жылдын сентябрында Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында Палестина мамлекетин таанууга ниеттенүүдө",- деп айтылат өкмөттүн сайтындагы Карнинин билдирүүсүндө.

Палестинанын таанылышы Палестинанын улуттук бийлигинин зарыл реформаларга, анын ичинде Палестинанын лидери Махмуд Аббастын "башкаруу системин түп-тамырынан реформалоого, 2026-жылы ХАМАС катыша албай турган жалпы шайлоолорду өткөрүүгө берилгендиги менен шартталганы белгиленген.

Мындан тышкары, Карни ХАМАС тарабынан 2023-жылдын 7-октябрындагы кол салууда барымтага алынгандар бошотулушу керектигин жана кыймылдын Палестинанын келечектеги башкаруусуна аралашуусуна жол берилбеши керектигин баса белгилеген.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында Париж Палестина мамлекетин тааный турганын билдирген. Италия Палестина мамлекетин анык түзүлгөндөн кийин таанууга даяр экенин жарыялады. Германиянын канцлери Фридрих Мерц Палестинаны таануу Газада ок атышууну токтотуудан кийин гана мүмкүн деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: