super.kg logo

Камчаткадагы жер титирөөдөн улам Японияда 7 адам жабыркады

 

Камчаткадагы жер титирөөгө байланыштуу Японияда бир адам каза болуп, жети жаран жаракат алды. Бул тууралуу Япония өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсимаса Хаяси билдирди. Зилзалага байланыштуу өлкө аймагында цунами башталган болчу.

Каза болгон адам автоунаа менен эвакуацияланып жатканда жол кырсыгына кабылган. Ал эми калган жети адам эвакуация учурунда ар кандай жаракаттарды алышкан.

Цунамиден улам Япониянын дээрлик бүт Тынч океан жээгинде кооптуулук сакталууда. Шаршемби күнү өлкөнүн чыгыш, түндүк-чыгыш жана түндүк аймактарынын жээктерине бийиктиги 20 сантиметрден 1,3 метрге чейинки толкундар келген.

Эске салсак, кечээ, 30-июлда Камчатка жээгинде 1952-жылдан берки 8,7 баллдык жер титирөө катталды. Аймакта имараттар жабыркап, цунами толкуну жээк аймактарды каптады. Бирок жергиликтүү бийлик ири кыйроолор жок экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: