super.kg logo

Камчаткада бир сааттын ичинде жети жолу жер титиреди

 

Кечээ, 30-июлда кечке маал Камчаткада бир сааттын ичинде жети жер титирөө катталып, эң күчтүү эки жер титирөөнүн күчү 6 баллга жетти. Бул тууралуу Орусиянын Илимдер академиясынын бирдиктүү геофизикалык кызматынын Камчаткадагы филиалы билдиргенинин жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Кызматтын маалыматы боюнча, күчү 6 баллга жеткен биринчи жер титирөө Петропавловск-Камчатскийден 402 чакырым алыстыкта болгон. Жер титирөөнүн очогу 33 чакырым тереңдикте жайгашты. Бир саатка жетпеген убакыттан кийин катталган экинчи силкинүү дагы шаардан дал ошондой алыстыкта жайгашып, очогу 77 чакырым тереңдикте болду.

Адистер аймактагы сейсмикалык активдүүлүккө мониторинг жүргүзүүнү улантышууда.

Белгилей кетсек, кечээ,30-июлда Камчаткада күчү 8,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Авача булуңунун жээгинде цунами коркунучу жарыяланып, Сахалин облусунун Северо-Курильский районунда жана Петропавловск-Камчатскиде өзгөчө кырдаал жарыяланды. Учурда цунаминин кесепеттери жоюлууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: