Англия полициясы бет таануу технологиясын эки эсе көбөйтөт
Улуу Британиядагы эң ири полиция уюму - Метрополитен полициясы өз түзүмүн кайрадан уюштуруп жатып, жандуу бет таануу технологиясын колдонуу көлөмүн жума сайын 10 жолу колдонууга чейин көбөйтөрүн жарыялады. Мурда бул систем жума ичинде болгону эки күн жана төрт жерде гана колдонулса, эми жуманын беш күнү, он жерде колдонулат.
Бул чечим мекеменин 1400 полиция кызматкерин жана 300 жарандык кызматкерин жоготуусун толуктоого багытталган.
Метрополитен полициясы бул технология аркылуу азыркыга чейин 1000 адам кармалганын, алардын 773ү кылмыш жообуна тартылганын же эскертүү алганын билдирди.
Полиция , айрыкча Израиль-Палестина жаңжалына жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча нааразычылык акцияларына байланыштуу коомдук тартипти сактоочу бөлүмүн күчөтүп жатат. Бул бөлүмдөгү кызматкерлердин саны 48ден 63кө чейин көбөйтүлдү.
"Мыйзамдар митингдерге каршы эмес, тескерисинче, аны колдойт. Бирок айрым митингдер мыйзам бузууларга айланып кетүүдө",- деди Метрополитен полициясынын башчысы Марк Роули.
"Бул технология миллиондогон адамдардын негизги укуктарын бузушу мүмкүн. Эгерде көз карандысыз көзөмөл жана мыйзамдык чектөөлөр болбосо, муну колдонуу кабыл алынгыс",- деди Liberty аттуу адам укуктарын коргоо уюмунун өкүлү Чарли Уэлтон.
"Систем оор кылмышкерлерди, анын ичинде издөөгө алынган адамдарды жана сексуалдык кылмышкерлерди гана бутага алат. Биз аны жоопкерчилик менен колдонобуз жана коомчулук да колдойт",- деп жооп берди Марк Роули.
