Сингапур өкмөтү Палестина мамлекетин "расмий таанууга даяр" экенин билдирди
Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында Сингапурдун Тышкы иштер министрлигинин Азия-Тынч океан иштери боюнча орун басары Кевин Чеок Палестина маселесине арналган жогорку деңгээлдеги эл аралык конференцияда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, ал өз сөзүндө Сингапур өкмөтү Палестина мамлекетин "келечекте расмий таанууга даяр" экенин билдирип, бул кадам тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен эки мамлекеттүү чечимге жетүүгө көмөктөшө турган негизги кадам болорун белгиледи.
Чеок ок атышууну токтотуу келишими ишке ашса, Сингапур Газанын кайра курулушуна салым кошууга даяр экенин кошумчалады.
"Сингапур палестиналыктардын өз жерине ээ болуу укугун дайыма колдоп келген. Бул укук БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларына негизделип, сүйлөшүүгө негизделген эки мамлекеттүү чечим аркылуу ишке ашуусу керек деп эсептейбиз",- деди Чеок.
Ошондой эле Сингапур Египет сунуштаган Газа тилкесин калыбына келтирүү боюнча планды колдой турганын, Газадагы оорукчандарга жардам көрсөтүү максатында ал жакка медициналык топ жөнөтүү ниетин да билдирди.
Маалыматка ылайык, Израилдин Газа тилкесине 2023-жылдын 7-октябрынан бери жасаган чабуулдарынан кеминде 60 138 палестиналык каза болуп, 146 269 киши жаракат алды.
