super.kg logo
  Саясат  

Нотариат жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 

Президент Садыр Жапаров “Нотариат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда президенттин администрациясынан билдиришти.

Мыйзам 25-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты “нотариалдык акт” түшүнүгүн аныктаган ченемдерди белгилөө, ошондой эле калкка нотариалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү үчүн зарыл болгон нотариустардын санын аныктоо экени айтылат.

Мыйзамга ылайык, нотариалдык акт юридикалык мааниси бар талашсыз фактыларды жана жагдайларды нотариус ырастаган же күбөлөндүргөн укуктардын, милдеттердин мыйзамдуу жана анык далили болуп саналат.

Мындан тышкары юридикалык адистик боюнча иш стажына талап бир жылдан үч жылга чейин жогорулады, ал эми стажировкадан өтүү мөөнөтү үч айдан бир жылга чейин узартылды. Ошондой эле мамлекеттик нотариус катары 2 жылдан кем эмес иштеген адистер квалификациялык экзамен тапшырбастан лицензия ала тургандыгы каралган.

Мыйзам менен нотариалдык округдагы нотариустардын санын аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилет. Ошону менен бирге квалификациясын жогорулатпагандыгы үчүн окуудан өткөнгө чейин лицензияны токтото туруу каралган.

"Мыйзамга ылайык кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуу менен байланышкан нотариалдык иш-аракеттер аралыктан жүргүзүлүшү мүмкүн, бул кыймылдуу мүлктү каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтөт жана нотариалдык кызматтарды көрсөтүү процессин тездетет",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: