super.kg logo

Кара-Кулжадагы келиндин өлүмү: Жолдошу 18 жылга эркинен ажыратылды

 

Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук сотунда Айзирек Эралиеванын өлтүрүлүшүнө байланыштуу иш каралып, айыпталып жаткан жолдошу 18 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Өзгөн райондук сотунун 31-июлдагы өкүмү менен А.Б. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү), 267-беренесинин 1-бөлүмү, 267-беренесинин 2-бөлүмү (Мыйзамсыз ок атуучу курал-жаракты, ок-дарыларды сактоо жана алып жүрүү) менен күнөөлүү деп табылды. Ага эсептик көрсөткүчтүн негизинде мыйзамсыз курал жарактарды колдонгону үчүн 100 миң сом айып салынып, 18 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Белгилей кетсек, 26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда каргашалуу окуя катталып, 38 жаштагы аял өмүрлүк жолдошунун колунан ажал тапканы маалым болгон. Шектүүгө "Адам өлтүрүү", "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Эралиеванын жакындары анын өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: