Израил БАЭдеги бардык дипломаттарын жана үй-бүлөлөрүн эвакуациялайт
Израилдин Yedioth Ahronoth гезитинин маалыматына ылайык, Израил Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) борбору Абу-Дабидеги элчиликте жана Дубайдагы башкы консулдукта иштеген бардык дипломатиялык кызматкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн эвакуациялоо чечимин кабыл алды.
Бул чечим Израилдин Улуттук коопсуздук кеңеши израилдиктерге БАЭге баруу тууралуу эскертүүсүн жаңырткандан кийин кабыл алынганы айтылууда.
Маалыматта, Тышкы иштер министрлигинин мындай чечими "өзгөчө жана кадимки эмес кадам" катары мүнөздөлүп, бул чечим жогорку деңгээлдеги коопсуздук коркунучуна ишара кылары баса белгиленет.
"БАЭдеги Израилге тиешелүү объекттерге кол салуу коркунучу бар. Ошондуктан бул өлкөгө зарыл болбосо сапардан кармануу жана барам дегендер ойлонуп чыгуусу сунушталат",- деп эскертти Улуттук коопсуздук кеңеши өз билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, БАЭге карата Израилдин үчүнчү даражадагы саякат эскертүүсү дагы деле күчүндө калууда.
