super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министринин орун басарын кабыл алды (фото)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-августта Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Ата шаарында кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын өз ара кызыкчылыктардын бардык тармактарындагы актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы артыкчылыктуу долбоорлорду, Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу маселеси талкууланды.

Мамлекет башчысы мамлекеттер аралык мамилелерди ырааттуу кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, аларды практикалык мазмун менен толуктаган бардык деңгээлдеги саясий диалогдун динамикалуу тереңдешин белгиледи.

Садыр Жапаров ошондой эле Казакстандын тышкы саясий мекемесинин башчысынын расмий сапары боордоштук алакаларды мындан ары чыңдоого, айрыкча, Казакстандын президентинин Кыргызстанга боло турган алдыдагы расмий сапарына даярдык көрүү шартында маанилүү түрткү болоруна ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Мурат Нуртлеу Садыр Жапаровго Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин саламын жана эң жакшы каалоолорун айтты.

Ал ошондой эле мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жылуу салам жолдоп, Казакстандын тышкы саясий мекемесинин башчысына анын жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: